“Йакын инкар” диний- экстремисттик кыймылынын жашыруун ячейка иши бөгөттөлдү

26-майда  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-бөлүмү (Экстремисттик уюмдарды түзүү жана каржылоо) каралган кылмыш белгилери боюнча “Йакын-Инкар” диний-экстремисттик кыймылынын Жалал-Абаддагы уюмунун төрт активдүү мүчөсүн — У.М.Г., А.Т.М., Ж.К.Т. жана И.М.К. кармады.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган ячейканын мүчөлөрү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында экстремисттик идеологияны үгүттөө жана жайылтуу боюнча уруксат албастан миссионердик иштерди жүргүзүп келишкен.

Ошондой эле диний көз караштардан улам, алар светтик жашоо образын четке кагып, балдарына орто билим берүү мекемелерине барууга, эмдөөдөн жана башка медициналык процедуралардан өтүүгө тыюу салышкан.

Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында аталган адамдардын  даректеринен “Йакын-Инкар” кыймылынын диний-экстремисттик адабияттары табылып, алынган материалдар боюнча соттук-диний экспертиза дайындалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты