Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо улуттук кеңеши түзүлдү
- 2 месяца мурун
Министрлер Кабинетине караштуу үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо боюнча улуттук кеңеш түзүлдү.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Улуттук кеңешти түзүүнүн максаты социалдык коргоо жана балдар укуктарын коргоо, нике жана үй-бүлө, аталык, энелик жана балалык институтун чыңдоого, гендердик басмырлоого жана зордук-зомбулукка каршы күрөшүү, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды колдоо, аялдардын ролун күчөтүүгө шарт түзгөн гендердик өнүгүүнү, социалдык жана аялдар лидерлигин, ишкердигин колдоону координациялоо жана контролдоо болуп саналат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү