Израил армиясы Филадельфия коридорун көзөмөлгө алды

  • 2 месяца мурун

Израилдин Коргоо күчтөрү Газа тилкеси менен Египеттин чек арасындагы 14 чакырымдык буфердик аймак болгон Филадельфия коридорун көзөмөлгө алды.

Бул тууралуу 29-май, шаршемби күнү кечинде Израилдин маалымат каражаттары аскерий билдирүүгө таянуу менен жазышты.

Алардын айтымында, аскерлер жээктеги чакан тилкени кошпогондо, бүт коридорду ээлешти.

Буфердик зонада израилдик аскерлер Газа менен Египеттин ортосундагы 20 туннелди жана ХАМАС тобунун согушкерлери колдонгон 80ден ашуун туннел шахтасын табышты. Аскерлер Египеттен Газага алып барган туннелдер жихадчыларды курал менен камсыз кылган деп ырастоодо.

Израил Филадельфия коридорун Осло келишиминен кийин, 1995-жылдан тарта, 2005-жылы Израил аскерлери Газа тилкесинен толук чыгып кеткенге чейин көзөмөлдөп турган. Андан соң Израил армиясы чек араны көзөмөлдөөнү Египет тараптан Египетке, Палестина тараптан Палестина бийлигине өткөрүп берген.

Палестина бийлиги 2007-жылы ХАМАС бийликке келгенге чейин чек араны көзөмөлдөп турган.

Израилдин Газадагы аскердик операциясынын алкагында Филадельфия коридорун көзөмөлгө алууну көздөп жатканы жыл башында белгилүү болгон. Андан соң Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Израил Газа тилкесинин Египет менен чек арасын көзөмөлгө албаса, ХАМАС менен согушту токтото албай турганын билдирген. Wall Street Journal бул чечим Израил тарап менен Каирдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн көз каранды экенин жазды.

Филадельфия коридору Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарынан өтөт. Израилдин аскерлери шаардын борборуна киргени тууралуу кабарлар шейшемби, 28-майда келди. Рафахтын тургундары түн ичинде аскерлер «аба чабуулдарын жасап, шаарды танктардан аткылашканын» айтышты.

Израил армиясы 27-майга караган түнү Рафахка сокку урганда кеминде 45 киши набыт болуп, жүздөгөн адамдар жарадар болгону кабарланды.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты