Италиянын экс-премьер-министри Сильвио Берлускони дүйнөдөн өттү

  • 11 месяцев мурун

Италиянын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлускони 87 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу Corriere della Sera гезити билдирди.

Апрель айынын башында Берлускони Сан-Раффаэллеге кайтып, ооруканага жаткан. Кийинки кездери ал лейкеми жана жүрөк-кан-тамыр дарты менен жабыркаган.

Сильвио Берлускони — медиамагнат, Италиянын бай адамдарынын бири, мурдагы премьер-министр. Ал 1994, 2001, 2005 жана 2008-жылдары Италия өкмөтүн башкарган. Ал 2011-жылы премьер-министрликтен отставкага кеткен.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты