Исмаил Исаков: “Жарым паша” Ташиев Токторбаевдин “кошоматчылык кызматына” муктаж болбосо керек

“Азаттык” партиясынын төрагасы Исмаил Исаков “Ата журт” фракциясына, анын лидери Нурланбек Шакиевге кат жолдоп, анда  депутат Жеңишбек Токторбаевдин маселеси каралышын, 2010-жылдын июнь окуясындагы Исаков, Бекназаровго карата айткандары боюнча расмий кечирим сурашын жана депутаттык мандатын тапшырышын талап кылды.      

Жайкы каникулдун  алдындагы Жогорку Кеңештин  жыйындарынын биринде, бир депутат,  “Сооронбай, Кара Кулжага барып чабан болуп кой баксын…” деген  сөзүн  угуп, “Ай-иий, бул адепсиз го, бирөөнү сындагандан мурда, өзүн карап, этикалык нормаларды сактап сүйлөсө жакшы болмок, каап…” деп, өзүмчө бушайман болдум эле.

Азыр, С. Жээнбековдун кызмат абалындагы аткарган иштерине кандай сын-пикир айтылбасын ал, койлорду бактырган  совхоздун директорлук кызматынан тартып, кийин депутат, министр, губернатор, премьер-министр, анан президенттин кызматын аркалап, бир дагы жаранга жаман сүйлөбөй, “пост” жазып жооп бербей, ыймандуулугун көрсөтүп “кетти”. Бакиевдин үй-булөлүк режимине каршы туруп,  14-апрелде  Бакиевди ага каршы чыккан эл  менен  Оштон кууп чыгып,  Ош окуясында облуста стабилдүүлүктү орнотууга чоң эмгек кылды.   Эми, мыйзам чегинде макамы бар, экс Президент, чабан болуп иштейби??? Улууларды урматтабай, этикалык нормаларды сактабай сүйлөгөн депутат, көрсө, сиз башкарган “Ата Журт” фракциясынын депутатты Ж.Токторбаев экен.

Эми ошол адепсиз сөз сүйлөгөн Ж. Токторбаев, 12-сентябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына “2010-жылы Оштогу июнь окуясын баарыбыз бүгүнкү күндөй  билебиз. Ага  түздөн-түз А.Бекназаров  менен И. Исаков  күнөөлүү… 2010–жылдагы июнь окуясы К.Бакиевди бийликтен кетириш үчүн силердин иштеп чыккан башкы планыңар болгон. Ошол кезде түштүктүн эли Бакиевди колдоп кетүүсүн беш колдой билип, тынч жаткан элди бири-бирине тукуруп жасалма жаңжал чыгардыңар… жооп берчүү күн келди,”  десе, 14-сентябрда  андан дагы аша чаап “…когда народ собрался у университета К.Батырова и начали  стрелять, Исаков, Бекназаров, Байболов на курорте Кара-Алма ели барана, пили водку. И только  когда людей стало  больше, К.Батыров позвонил им, они примчались и дали возможность сбежать Кадыржану. Они восползовались им  и предали его. Я мог  и  не говорить всего этого. Но правду нужно озвучить” деп, бизге өзү айткан койду союп, арак куюп, кызмат кылып, жаныбызда жүргөндөй айтканын угуп, “ой-тобоо” деп, жакамды кармаганча,  ушунчалык  жалганды айтып,  адамдарды  күнөөлөгөнгө жана  улут аралык кастыкты козутууга багытталган сөздөрдү айтканга эмне зарылчылыгы болду экен десем… К.Ташиевге кошомат кылып, ага жагынуу максатта көрсөткөн “кызматы” турбайбы.

Бүгүн, К.Ташиевдин колунда бийлиги, байлыгы, чини, наамы кыргыз тарыхында болуп көрбөгөндөй ашып-ташып жаткан учур, кудай буйруп ошолорду аш кылып, сиңирип алсын, эл арасында аны, “жарым паша” дейт экен.  “Жарым паша“ К.Ташиев, Ж.Токторбаевдин “кошоматчылык кызматына” муктаж болбосо керек. Же  сурандыбы, ошондой жалганды айтып, бизди каралап, улут аралык кастыкты козуткун деп? Жалганды айтып, ага жагынгандын  ордуна, өз милдетин аткарып, мамлекеттин жана элдин көйгөйлүү маселелерин  көтөрбөйбү? “Чек араны кантип бекемдеп,  Баткен облусунун аймагын кантип коргойбуз, элдин коопсуздугун сактаганга дараметибиз жетеби?  Куралдуу Күчтөр жана  К.Ташиевдин кол алдындагы Чек Ара кызматы, агрессиянын мизин кайтарганга жетиштүү даярдык көрдүбү? Былтыркы апрель кайталанбайбы?” деген орчундуу суроолордун үстүнөн алек болуп, кечээки болгон аскер конфлигин  алдын алып, болтурбоо иретинде  ошол маселелерди фракциянын жана Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эмнеге көтөрүп чыккан жок?

          Эгерде,  ал менин  жана Азимбек Бекназаровдун,  Ош окуясына  түздөн-түз көнөөлүү экендигибизди билсе, анда  эмнеге 12 жыл жашырып, айтпай жүрдү?  Кылмышты жаап- жашыргандыгы өзү кылмыш.  Ал үчүн,  КЖК  367- беренесине ылайык, ага кылмыш ишин козгош керек. Ж.Токторбаев депутат катары, ошол сөздөрдү айтардан мурун, Жогорку Кеңештеги материалдарды окуп албайбы? Комиссиялардын жыйынтыгында жана Жогорку Кеңештин  чечимдеринде, Ош окуясына түздөн-түз күнөөлүүлөр, өзүн коргойм деген Бакиевдер, анын “Ак Жол” партиясы, алардын жүргүзгөн саясаты, тарапташтары, сепаратисттер, үчүнчү күчтөр жана кылмыштуу топтор. Ошол чечимдерге макул деп, добуш берген ошондогу депутаттар, азыркы Президент Садыр Жапаров жана Ташиев мырзалар. Депутат айткандай, “түздөн-түз күнөөлүү… жана жасалма жаңжал чыгарды…”  деп, Исаков менен Бекназаров табылган эмес. Кайрадан ошол жаңжалды токтоткон биз болобуз. Аны дүйнөлүк коом кабыл алып, колдоого алган. Буюрса тарых тастыктап,  адилетүү баа берер убакыты келет.

        Эми  “И.Исаков, А.Бекназаров жана Байболов Кара-Алма курортунда арак ичип отурушканда, элдер К.Батыровдун университетине чогулуп, Кадыржан телефон чалып чыкырганда жүгүрүп келишип, Кадыржанды чыгарышкан”  деп, көзү менен көрүп, кулагы менен уккандай айткан сөзүн, “Токторбаевдин  супер калпы” деп, Гиннес китебине киргизиш керек экен. Ал окуя, 19-майда болгон. Аны Ташиев мырза өтө жакшы билет. Анын алдында  Жалал-Абадда Ташиевдин тарапташтары митинге чыгат экен, Исмаил аке сиз ага айтып койбойсузбу деп губернатор Б.Асанов чыкканда, Ахмат иниме телефон чалып, ”К.Ташиевди таап, экөөң келип кеткилечи” деп, чакырып, Бишкектеги Коргоо министрлигинин имаратында  “Камчы иним, ушундай маалымат түштү… балдарыңар чыкпасын…” деп, кабинетимде чай ичкенче сүйлөшкөнбүз.

Жыйынтыгында макул болуп, мага сөзүн берип кеткен, бул 18-май эле. Бирок, 19-майда эл баары бир чыгып, эки тарап кагылышканда, биз кечки  саат 20.00 дөн, эртең мененки 6.00 гө чейин коменданттык саат киргизип, Б.Алымбековду комендант кылып дайындап, анан  экөөбүз  Бишкектен Жалал-Абадга тик учак  менен түштөн кийин учуп барганбыз. Барар замат, эки тараптын ортосуна күч органдарын киргизип, кагылышууну токтотуп, коменданттык сааттын иш-чараларын түнү менен жүзөөгө ашырып, 20-майда эртең мененки саат 4.00  Сузак районунун администрациясынын имаратында, райондун айыл өкмөттөрү жана  депутаттары менен жолугушуу өткөрүп, саат 5.00дөрдө   Б.Алымбеков  экөөбүз Жалал-Абадга келсек, штабда А.Сабиров менен дагы бирөө бизди күтүп туруптур. Учурашкандан кийин, “эмне турасыңар” десем,  “сизди күтүп турабыз, Бишкектен келдик, кечээки “эки тараптуу кагылыш” боюнча далил материалдары бар, ошону көрүп коюңуз” деди.  Мен “чарчадым, саат 8.30 шаардын кызматчылары менен,  саат 10.00 “Телторуга” эл келет экен, алар менен жолугам, убакыт жок,  даярданышым керек” дедим.   “Беш эле минут, сизди атайын күттүк эле бул жерде көрсөтө турган  аппаратуралары  жок экен, ал жерде даяр” дегенинен, алардын Бишкектен келип түнү менен күтүп турганын, ошол кагылышууну токтотуу үчүн атайын келгенимди, фактыларды көрүү менин жана комендаттын милдеттери экендигин эске алып, бир убакта Сабиров  экөөбүз  депутат  катары бирге болгонубузду жана башка улуттарга башкача мамиле кылат экен деген ой кетпесин деп,  маакул болуп, Алымбеков экөөбүз бардык.

Барган жер, университет экен.  Ошондо мен  өмүрүмдө биринчи жолу К.Батыров менен бетме бет жолуктум. Болгону, 30-45 минутадай  алардын студиясында видео тасманы көрүп, анын айткандарын угуп, пикир алмашканбыз. Аягында, “видео тасмаңарды укук коргоо органдарына бергиле, биз экинчи тарапты угуп,  анан чечим чыгарабыз” деп, чыгып кеткен бойдон  К.Батыровду  көргөнүм  да жок, кийин сүйлөшкөн дагы эмесмин. (Азыр, бийлик,   К.Батыровдун чыгып кетүүсүн  ошол жолугушууга байланыштырып,“эл сурап атпайбы, “адилеттүү” сот чечет…” дешип, Бакиевдерден күнөөнү бизге оодарганга прокурор, сотторуна тымызын көрсөтмө берип коюшуп, четте күлүп турган учуру, кандайдыр бир убакта дал ушул иш, өздөрүнүн баштарына мүшкүл болоорун түшүнүшпөй).

Мурунку спикер, урматтуу Талант Мамытов, парламенттик комиссиянын мүчөсү катары ушуларды билет болучу, депутат жалганды айтып жатканда аны токтотуп койсо болмок.  Ошол учурда  А.Бекназаров  Жалал-Абадга  барган эмес, ал эми  К.Байболов биздин арабызда такыр жок  болчу.  Анан, каяктагы Бекназаров, Байболов жана Кара-Алма курорту? Каяктагы койдун эти менен арагы?

Ошондуктан, анын айтканын Гиннес китебине киргизе турган,  кыргыздын  жалпак тили менен айтканда  депутаттын  супер “катын ушагы” десе туура болот.  Ыйык трибунадан, бирөөгө жагынуу максатта, жеке кызыкчылыгын көздөп, кошомат кылып, ошондой  акылга сыйбаган  “катын ушактарды” жана улут арасындагы кастыкты козутуу сөздөрдү  айтсын деп,  шайлаган эмес аны.

Кайран гана  эл, ошондой калпычы кошоматчыны  шайлаган. Азыр, “оор кылмышты жасады” деп, соттун чечимисиз бизди айыптаганы жана улут аралык кастыкты козутуу багытта айткан сөзү үчүн,  КЖК 363-беренесинин         2-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүнүн  жана 330-берененин 1-бөлүгүнүн негизинде ага кылмыш ишин  козгош керек. Мен аны К.Зулушев мырзадан  талап кыламын. Ушул каттын негизинде кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизсин.

Андан башка, Ж.Токторбаев  депутаттардын статусу жөнүндө мыйзамдын 2-беренесинин негизинде “Конституциянын жана мыйзамдарын талаптарын сактоого, өз милдеттеримди бүткүл элдин кызыкчылыгында аткарууга… ант берем” деп, ант берип, аны аткарбай биздин укуктарыбызды тебелеп, бүткүл элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөп, берген антын бузду. Мындай адамдарды кыргызда ант бузарлар дейт. Ошентип, депутат Ж.Токторбаев Конституциянын жана мыйзамдардын талаптарын аткарбай, жогорку трибунадан “катын ушак” айтып, антын бузуп, К.Ташиев мырзага орусча айтканда “оказал медвежье услуги”.

 Бул сөз эмнеден чыкканын билбесе деле керек. Ага түшүндүрүп коеюн. “Илгери токойдо  жашаган бир жаран, дарактын  бутагынан кесип, аны кургай элегинде ийип, суу көтөрүүчү бакан кылып сатып үй-бүлөсүн бакчу экен. Аны  байкап, дайыма карап жүргөн  бир аюу, ал базарга кеткенде, бул байкушка жардам берип коеюн,  мындан кийин  даракка чыгып, бутактарын кыйып кыйналбасын,  ага  дарактарды жыгып даярдап берейин деп, ал келгиче  дарактарды дүмүрлөрү менен жулуп таштайт. Жерде жаткан дарактар  кургап, бакан жасоого мүмкүн болбой жанакы жаран ремеслосун жоготуп, үй-бүлөсүн бага албай калат…” Ошондон чыккан,  оказал “медвежье услуги”  деген  сөз. Ж.Токторбаев  өзүнүн жеке кызыкчылыгын  көздөп, айткан жалган сөздөрү К. Ташиевге кыпындай дагы   авторитет алып келбегендигин сезбесе керек, ошол аюудай.

                                    Урматтуу Нурланбек Тургунбекович!

       Депутат Ж.Токторбаев Конституциянын 21-беренесинин 1,2-бөлүктөрүн жана 57-беренесинин 1-бөлүгүн  одоно бузуп,  соттун,  Ош окуясына түздөн-түз күнөөлүү деген  чечими жоктугуна карабай,  мени жана А.Бекназаровду “Ош окуясына түздөн-түз күнөөлүү” деп жалган, акылга сыйгыс жана “Жогорку Кеңештин  депутатынын статусу” жөнүндө мыйзамдын 8-беренесин 1,2-бөлүктөрүндө бекитилген этикалык нормаларды  аткарбай, берген антын бузуп, биздин ар намысыбызга жана кадыр баркыбызга доо келтирген билдирүүнү таратуу менен депутаттык мандатты өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы  жана  улут арасындагы кастыкты козутуу багытта айткан сөздөрү үчүн,  “Ата Журт” фракциясынын жетекчиси катары сизден суранам:

  1. Фракциянын  жыйынында  депутат Ж.Токторбаевдин   аракеттерине баа берүүңүздү жана Жогорку Кеңештин жыйынында анын бизден расмий кечирим сурашын.
  2.   Конституциянын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-бөлүкчөсүнүн негизинде  өз арызын жазып, депутаттык мандатты тапшырып  берүүсүн талап кылууну.

Исмаил Исаков,

 “Азаттык” партиясынын төрагасы   

Сүрөттө: Исмаил Исаков. «ПолитКлиника» медиасы.               

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты