Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковага Кыргызстан жарандыгы ыйгарылды. Батир да берилди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззакова менен жолугушууда ага Кыргызстандын жаранынын паспортун тапшырды. Ошондой эле белек катары Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан жашоого бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчы кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу инсандын кызы менен жолугушуп жатканына абдан кубанычта экенин билдирди.

Президент Элмира Раззакова учурда Москвада жашаарын жана кийинки жылы 80 жашка толорун билгендигин, анын кыргыз жарандыгын алуу өтүнүчүн жерге калтыра албаганын баса белгиледи.

Буга байланыштуу жолугушуу учурунда Президент Садыр Жапаров ага Кыргызстандын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун тапшырды. Ошондой эле белек катары Элмира Раззаковага Бишкектин борборунан жашоого бардык шарттары бар батир сатып алынганын билдирди.

Мамлекет башчы кыргыз эли Кыргызстанга ат көтөргүс салым кошкон Исхак Раззаковду дагы, кыргыздын көрүнүктүү уулунун кызы катары аны да эч качан унутпай турганын жана ар тараптан колдоого ар дайым даяр экенин белгилеп өттү.

Өз кезегинде Элмира Раззакова Садыр Жапаровго өтүнүчүн четке какпай, чечип бергени жана турак жай түрүндө күтүүсүз белеги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, канчалаган жылдардан кийин кичи мекени болгон Бишкекке кайтып келгенине абдан кубанып, бактылуу экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты