Исхак Масалиев Башкы прокуратурада сурак берип жатат

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Масалиев суракка кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча чакырылган.

Белгилей кетсек, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров дагы Башкы прокуратурада 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты