Ирандын президенти бараткан тик учак табылды. Аман калгандар жок экени айтылды

  • 2 месяца мурун

20-майда Ирандын Кызыл Жарым Ай коомунун башчысы Пир Хосейн Коливанд Ирандын президенти Эбрахим Раиси бараткан тик учак кыйраган жерде тирүү калган адам жок экенин билдирди. “Азаттыктын” Иран кызматы өлкөнүн мамлекеттик телеканалы да ушундай эле маалымат бергенин жазды.

Ирандын Mehr агенттиги Ирандын президенти Эбрагим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян тик учактын кулашынан каза тапканын жазды.

Президент Эбрагим Раиси жана тышкы иштер министри  Хосейн Амир-Абдоллахян жекшемби күнү Чыгыш Азербайжан провинциясынын калың токойлорунан кулаган.  

Тик учакта Эбрагим Раиси, Хосейн Амир-Абдоллахян, Иран провинциясынын губернатору Малек Рахмати жана аятолла Мохаммед Али Але-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын Ислам революциясынын өкүлү, дагы бир нече киши болгон.  

Иранда президент Эбрахим Раиси бараткан тик учак аба ырайынын айынан жерге араң барып конууга мажбур болгонун 19-майдын кечинде өлкөнүн ички иштер министри Ахмад Вахиди билдирген. Окуяны «кыйынчылык менен конуу» деп атаган министр куткаруучулардын ал жерге жетүүсү оор болуп жатканын белгилеген.

Президентти коштоп дагы эки тик учак жүргөнү, алар бара турган жерине аман жеткени маалымдалды.

Окуя Ирандын борбору Тегеран шаарынан 600 чакырым түндүк-батыш тараптагы, Азербайжан менен чек ара тилкесиндеги Чыгыш Азербайжан деп аталган провинциянын Жулфа шаарынын аймагында болду.

IRNA агенттигинин соңку маалыматына караганда, куткаруучу тик учак окуя болгон жерге барып, бирок калың тумандын айынан коно албай, кайра кайтты.

Раиси 19-май күнү эртең менен Азербайжанга барып, бул өлкөнүн президенти Илхам Алиев менен чогуу плотинанын ачылышына катышкан. Бул — эки өлкө Аракс дарыясына курган үчүнчү плотина.

63 жаштагы Раиси Ирандын президенти болуп 2021-жылы шайланган. Ал 1988-жылы Иран-Ирак согушунун соңунда миңдеген саясий туткунду жапырт өлүм жазасына тартууга катышкандыгы үчүн АКШнын санкциясына кабылган. Раиси жогорку руханий лидер Али Хаменеинин жакын санаалаштарынын бири экени белгилүү.

Ирандын мыйзамдары боюнча, эгер президент каза болсо өлкөнү башкаруу милдети биринчи вице-президентке өтөт. Курамына Ислам кеңешме ассамблеясынын төрагасы, сот бийлигинин башчысы жана биринчи вице-президент кирген кеңеш жаңы президентти шайлоону 50 күн ичинде уюштурушу зарыл. Азыр Ирандын биринчи вице-президенти кызматын 69 жаштагы Мохаммад Мохбер аркалоодо.

Сүрөттө: Ирандын президенти Эбрагим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахян. Mehr агенттигинен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты