Ирандын мамлекеттик ЖМКлары да Хаменеи каза тапканы тууралуу жазды
- 3 месяца мурун
Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеинин көз жумганын Ирандын мамлекеттик басылмалары да жазды. Ал 28-февралда эртең менен, АКШ жана Израил Иранга каршы абадан сокку ура баштаган кезде каза тапты.
“Хаменеи кыйналып каза тапты” деп жазды Ирандын IRNA агенттиги.
Иранда 40 күндүк аза күтүү жарыяланды, жакынкы жума аятолланын урматына жумушчу эмес күндөр болот.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды.
Ирандын руханий лидери Хаменеи каза тапкандан кийин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, сот бийлигинин башчысы жана Конституцияны коргоо кеңешинин бир мүчөсү өлкөнү башкарарын мамлекеттик IRNA агенттиги өлкөнүн вице-президенти Мохаммад Мохбердин айтуусу боюнча билдирди.
Сүрөттө: Али Хаменеи. Интернет булактарынан




