Ирактын түрмөсүндө кыргызстандык 41 жаран жазасын өтөп жатат

  • 1 год мурун

Ирактын түрмөлөрүндө Ирак мамлекетинин аймагында террордук ишмердүүлүккө катыштыгы бар деп соттолгон кыргызстандык 41 жаран камакта жатат.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 12-апрелде билдирди.  

Буга чейин Ирактын түрмөсүндө жазаларын өтөп жаткан  эки жаран Кыргызстанга алынып келинген.

Ал эми 2021-жылдын 16-мартында “Мээрим” гуманитардык миссиясынын, КР тышкы иштер министрлиги тарабынан башка компетенттүү органдар менен бирге кыргыздын 79 баласы алынып келинген.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Иракта абакта жаткан кыргызстандык жарандарды бошотуу жана Мекенине алып келүү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты