Иракта кармалган Кыргыз Республикасынын үч жараны Мекенге кайтып келди

  • 1 год мурун

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Иракта кармалган Кыргыз Республикасынын үч жаранына байланыштуу маалымат берди.

ТИМ басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, кармалган жарандардын жакындарынан кайрылуулар келип түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия жана Кувейттеги элчиликтери тарабынан Иракта жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Сауд Аравиядагы элчилигинин кызматкери тарабынан Багдад шаарына консулдук сапар уюштурулган. Ирактын компетенттүү органдары менен өткөрүлгөн жолугушуулардын жыйынтыгында, 2025-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын үч жараны “Манас” эл аралык аэропортуна аман-эсен кайтып келип, аларды жакындары тосуп алышты.
Министрлик көрсөтүлгөн көмөк үчүн эл аралык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет жана чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарын коргоо максатында кызматташтыкты мындан ары да улантуунун маанилүүлүгүн белгилейт.

Иллюстрациялык сүрөт: Багдад. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты