Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү. Равшанбек Сабиров директор болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги “KADI” мамлекеттик мекемесинин базасында Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы кайтарымсыз көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттар, техникалык көмөк, максаттуу кайтарымсыз жардамды) тартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүү жана координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет.

Ошондой эле бул жарлык менен инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Равшанбек Сабиров дайындалды.

Сүрөттө: Равшанбек Сабиров. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты