Интимдик сүрөттөр менен акча опузалаган жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу 17-сентябрда арыз менен кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап жаткан жаранга чара көрүүнү суранган.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, шектүү “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом опузалаган. Буга чейин ал 2021-жылдан бери ушундай жол менен арыздануучудан 200 миң сом алган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.

19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып бара жаткан жеринен шектүү кармалган. Ал “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаасы менен кетип жаткан.

Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган М.У. болуп чыккан. Ал Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты