Интерполдо эл аралык издөөдө жүргөн жарандар кармалды
- 9 месяцев мурун
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) ички иштер министрликтери тарабынан биргелешкен ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 2025-жылдын 23-августунда БАЭден Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн, алдамчылыкка шектелген 1971-жылы туулган К.Э. кармалып, Кыргызстанга экстрадцияланды.
Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, ал 2017-жылдын декабрынан 2018-жылдын январь айына чейинки аралыкта К.В. аттуу жарандын ишеничине кирип, туруктуу киреше табуу максатында «Фаргокоин» криптовалютасын сатып алабыз деген шылтоо менен 22 миң АКШ долларын жана 1 млн сомун алдап алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Мындан тышкары, Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн дагы бир шектүү — 1966-жылы туулган С.И.ни экстрадициялоо процедурасы аяктады. Ал 2015-жылы БАЭде мыйзам бузгандыгы үчүн кармалып, Дубай шаарындагы убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
С.И. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 213 (ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу), 346 (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 350 (билип туруп жасалма документтерди пайдалануу) беренелеринде каралган кылмыштарды жасоого айыпталууда.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал башка бирөөнүн атына жазылган жасалма документтерди, анын ичинде туулгандыгы тууралуу күбөлүк, паспорт жана ID -картаны мамлекеттик чек арадан өтүү жана ишкердик ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн колдонгон.
Ошондой эле ЖЧКлардын биринин негиздөөчүсү болуп, компаниянын директору менен тил табышып, салык төлөөдөн качуу схемасын уюштурган. Натыйжада мамлекетке келтирилген зыян 18 миллион сомдон ашкан.
Кармалган жарандар Кыргыз Республикасына алынып келинип, зарыл процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Аталган адамдарды издөө, кармоо жана экстрадициялоо боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана УКМК менен бирге жүргүзүлдү.
Сүрөт: mvd.gov.kg




