Интернет өчүп, калкты тейлөө борборлорунун маалыматтык базасы иштебей жатат
- 1 месяц мурун
Бишкекте Интернет өчүп, Калкты тейлөө борборлорунун маалыматтык базасы иштебей жатат.
Калкты тейлөө борборлорунун базасы иштебей, кезектер узарууда.
Ошондой эле кайгуул кызматынын башкармалыгынын базасы да иштебей, эл айып короосунан унааларын ала албай жатканы кабарланууда.
Мамлекеттик “Кызмат” мекемеси Кыргызстанда тейлөө кызматтарынын маалыматтык базасындагы техникалык мүчүлүштүктөрдү жоюунун үстүндө иштеп жатканын билдирди. Техникалык мүчүлүштүк интернет провайдерлеринин оптикалык була кабелдеринин үзүлгөнүнө байланыштуу болуп жатканы айтылды.
Ошондой эле Интернет үйлөрдө жана кеңселерде да өчүп жатканы маалымдалууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү