Индиянын Ченнай шаарында Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугу ачылды

  • 2 месяца мурун

29-сентябрда Индиянын Ченнай шаарында Кыргыз Республикасынын ардактуу консулдугунун ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Индиядагы элчи  Аскар Бешимов катышты.

Ардактуу консул болуп Ченнай шаарынын ишкердик жана коомдук чөйрөсүндө кеңири таанылган белгилүү ишкер жана коомдук ишмер, доктор Пракаш Рао дайындалды.

Элчи  А. Бешимов доктор Пракаш Раону куттуктап, ардактуу консулдук экономика, билим берүү жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого маанилүү өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Ошондой эле ал Ченнайдын Индиядагы инвестиция, туризм жана инновация багыттарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү борбор экенине токтолду.

Практикалык өнөктөштүктүн мисалы катары Ченнайда жайгашкан Deccan Gold Mines компаниясынын Кыргызстандагы тоо-кен тармагындагы ишмердүүлүгүн белгиледи.

Доктор Пракаш Рао көрсөтүлгөн ишеним үчүн терең ыраазычылык билдирип, эки тараптуу долбоорлорду илгерилетүүгө, ишкердик жана маданий демилгелерди өркүндөтүүгө, ошондой эле бул аймакта жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты