Индияда кыргызстандык турист мейманканада асынган абалда табылган

  • 4 месяца мурун

Кыргызстандын Индиядагы элчилигине 5-январда кыргызстандык турист Ришикеш шаарындагы мейманканада асынган абалда табылганы боюнча билдирүү түшкөн.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги билдирди.  

Элчилик Индиянын укук коргоо органдарына кат жөнөтүп, окуянын чоо-жайын сураган. Рикикеш шаарынын полициясынын маалыматына караганда, болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши козголгон жана тергөө иштери жүрүп жатат.

Элчилик тарабынан маркумдун жакын туугандары менен байланыш түзүлгөн. Алар маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүүнү өтүнүшкөн.  8-январда маркумдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлүп, туугандарына берилген.  

Бул окуя Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турганы белгиленди.     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты