Индияда кулаган учакта кыргызстандыктар болгон эмес
- 4 недели мурун
Индиянын Гуджарат штатын Ахмедабад шаарына жакын жерде Boeing 787 жүргүнчү учагынын кыйроосуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги учактын ичинде кыргызстандыктарболгон эместигин билдирди.
“Расмий билдирүүлөргө ылайык, учактын бортунда 242 жүргүнчү болгон. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жүргүнчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын жарандары болгон эмес. Ошондой эле учак кырсыгынан кийин КР жарандарынан жабыркагандар же каза болгондор тууралуу маалымат түшкөн эмес.Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилиги кырдаалды көзөмөлдөө максатында Индиянын тийиштүү органдары менен байланышта болууда” деп билдирди ТИМ басма сөз кызматы.
Бүгүн, 12-июнда, эртең менен Индиянын батыш тарабындагы Гуджарат штатында Лондонго карай бет алган Boeing Dreamliner учагы кулады. Анын ичинде 240тан ашык жүргүнчү бар болчу.
Акыркы маалыматтарда жүргүнчүлөрдүн баары каза табышы ыктымал экендиги айтылууда.
Сүрөт: Central Industrial Security Force/Facebook