«Индия — Борбор Азия» саммити өтөт

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-январда, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин чакыруусу менен жогорку деңгээлдеги “Индия — Борбор Азия” диалогунун алкагында уюштурулган видеоконференция форматындагы биринчи саммитке катышат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саммиттин жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүүнүн жана аймактык коопсуздуктун негизги маселелерин, ошондой эле Борбордук Азия менен Индиянын мамлекеттеринин ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү талкуулоо пландалууда. Анын жыйынтыгы боюнча Дели декларациясы кабыл алынат.

Саммитке ошондой эле Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев да катышат.

2022-жылы Индия менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толору белгиленет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты