Иманкулов: Жапаров Путинге кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө ортомчу болууну сунуштады

  • 1 год мурун

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын тактап алыш үчүн Орусияга ортомчулук сурап кайрылып, орус тарап Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди изилдеп чыкмай болду.

Бул тууралуу 17-октябрда «Биринчи радионун» эфиринде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай өтүнүч менен орус президенти Владимир Путинге Астанада тажик президенти Эмомали Рахмон үчөө өткөргөн жолугушууда айткан:

«Ал жерде ачык сүйлөшүү болду. Биздин президент өз көз карашын билдирип, чек ара маселеси тынчтык жана сүйлөшүү жолу менен чечилиши керек экенин, биз бул принциптен эч качан тайбаганыбызды жана мындан ары да ошону карманарыбызды айтып, чек арадагы чечиле элек маселелерди чырга же агрессияга айландырууну токтотуш керектигин белгиледи. Ошондой эле ал Орусиянын президенти Путинге чек ара маселесин жөнгө салууда ортомчу болушун айтып кайрылды. Себеби маселе аябай тереңдеп кетти».

Иманкулов билдиргендей, Орусия колундагы архивдик документтерди карап бермей болду:

«Биз баарыбыз бир өлкөдө – Советтер Союзунда жашаганбыз. СССРдин мураскери катары Орусиянын борборундагы архивдик мекемелерде административдик чек аралар боюнча көптөгөн документтер, карталар сакталып калган. Путин бул сунушту кабыл алды. Алар баарын изилдеп чыкмай болушту. Маселенин, талаштын өзөгү эмнеде болуп жатканын жөнөткүлө деп суранышты. Алар архивдик документтерди көтөрүп чыгып, бул маселени тынч жол менен чечип алышыбызга жардам бермей болушту».

Өткөн аптада Казакстандын Астана шаарында 20дан ашуун өлкө лидери чогулуп, бир нече эл аралык жыйындар өткөн. Ошондой эле Кыргызстандын, Орусиянын, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу да болгон.

Анда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды.

Сүрөт: TAСС.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты