Кыргыз-тажик чек арасы: Маселени чечүү аракети менен Москва өз документтерин жана картасын пайдаланат

  • 2 года мурун

Орусиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушууну конструктивдүү деп атады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты
“Жолугушуу конструктивдүү өттү. Мамилелер кандайдыр кызуу чекте болуп турганда, дал келүү чекитин табуу оңой эмес, ошентсе да менин оюмча, биз муну аткардык. Алсак, согуш аракеттерин кайра жандандырбоого бардык чараларды көрүү боюнча сүйлөштүк. Бул – биринчиден. Экинчиден, бул абдан маанилүү, тараптар качкындарды кайра кайтарууга тиешелүү кадамдарды жасайт, -деп билдирди Орусиянын Президенти ТАСС агенттигинин суроолоруна жооп берип, жума күнү Казакстанга сапардын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында.
“Үчүнчүдөн, бул дагы маанилүү, негизги элемент, биз кандайдыр ортомчу ролун аткарбастан, ачыгын айтканда, бизден суранышты, эки тарап тең бизге тиешелүү документтерди жана көйгөйдү чечүүнүн алар туура тапкан маселе чечүү жолдорун көрсөтүп берет, биз болсо бул сунуштарды баалап-байкап гана койбостон, маселени чечүүнүн жолдорун табыш үчүн биз дагы өзүбүздүн колдо болгон документтер менен карталарды пайдаланабыз, алар алдыдагы келишимдин негизи болуп калышы ыктымал», -деп билдирди Путин.
Мурдагы союздук республикалардын чек арасы тууралуу так маалымат, алардын өздөрүндөгүдөн да көбүрөөк Москвада болушу мүмкүндүгүн айтып жатам. Биз ал документтерди, ал карталарды карап чыгып, биздин кесиптештер менен да бирге маселенин чечилишин карап көрөбүз. “Жалпысынан бул жолугушуу абдан пайдалуу болду” деп жыйынтыктады сөзүн Орусиянын Президенти.
Орусиянын Президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков бейшембидеги Астанадагы Россия, Кыргызстан, Тажикстандын үч тараптуу жолугушуусу Владимир Путин тарабынан демилгеленген деп “Россия-1” телеканалына билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты