Иманкулов: «Тажик тараптан кол салуу болорун билгенбиз»

  • 2 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Тажикстан тараптан кол салуу болорун билгендерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда маалымат жыйында билдирди.

«Тажик тараптан ушундай агрессия кылууга даярдык кылып жатканы туурасында маалыматтарды алганбыз. Президенттин катышуусунда дагы жыйындар өткөн. Мындай масштабдуу, мындай күч менен бир маалда бардык чек ара периметрлеринен кол салат деп күткөн эмеспиз. Эгер биз даярдык көрбөгөндө мунун масштабы мындан дагы чоң болмок. Кыргызстандын аймагына кирип алып чыкпай коюшмак. Биз алардын берилеп келишине жол берген жокпуз», — деди ал.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты