Иманкулов: Шайлоо өнөктүгүндө Президенттин же Минкабинеттин кийлигишүүсүн талап кылган көрүнүш жок

  • 2 года мурун

Бүгүн, 23-ноябрда, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму өттү.

Ага шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты.

Марат Иманкулов бул шайлоо өнөктүгүнүн учурунда негативдүү көрүнүштөрдү сезилерлик төмөндөтүүгө мүмкүн болгонуна көңүл бурду.

«Бүгүнкү күндө коркунучтуу жана токтоосуз түрдө Президенттин же Министрлер кабинетинин кийлигишүүсүн талап кылган көрүнүштөр жок» деди ал.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты