Иманкулов ШКУнун регионалдык түзүм директору Мирзаев менен жолугушту   

  • 2 года мурун

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 1-мартта, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн (РАТТ) аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев менен жолугушту.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аймактык коопсуздук, терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы кызматташтык маселелери жана ШКУнун РАТТын учурдагы ишмердүүлүгү боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, тараптар ШКУга мүчө-мамлекеттердин учурдагы жана жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга өз убагында жана натыйжалуу жооп кайтаруу жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулады.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты