Иманалы Айдарбековдун үйү: Мамлекет сатып алып, музейге айлантса кандай болот?

  • 1 год мурун

Президенттин кеңешчиси Арслан Койчиев Фейсбук социалдык тармагы аркылуу Иманалы Айдарбеков жашаган үйдү мамлекет сатып үй-музей кылса кандай болор эле деген сунушун айтты.

-Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн — Кара-кыргыз автоном облусун негиздөөчүлөрдүн сап башында тургандардын бири Иманалы Айдарбеков (1884-1938) азыркы Раззаков көчөсүндөгү ушул үйдө жашаган. Репрессия учурунда үй конфискацияланган. Айдарбеков акталганда урпактарына кайтарылып берилген эмес. Айдарбековдун кызы Рафа Айдарбекова (1918-1996) ушул көчөдөн өткөн сайын балалыгы калган ушул үйдү көпкө телмире тиктеп, «атам, энем болуп чогуу жашаган үй эле!» деп эстеп калчу экен.

Баса, эмдиги жылы Кара-кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, ал эми Иманалы Айдарбековдун 140 жылдык мааракеси. Бул үйдү мамлекет сатып алып, музейге айлантса кандай болот эле деген ой сокту…, -деди Арслан Койчиев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты