Иманалиев: «Конституциянын бузулбастыгы, мамлекеттин бүтүндүгү турган жерде менин амбициям төмөн туруш керек»

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги билим берүү жана илим министрине бекитүү үчүн жактырылды. Комитет жыйынында талапкерден депутат Элмурза Сатыбалдиев Садыр Жапаровдун командасына өз ыктыярыңыз менен кошулуп калдыңызбы деген суроо узатты. Каныбек Иманалиев мындайча жооп узатты:.
-Саясат бул конкуренция. Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри аял киши эле, ал парламентте лидер болуп жүрүп демилге кылган. “Улуу Британия падышалык институтту жок кылыш керек” деп. Тагдыр ушундай болду, падыша өзү ага премьер-министр бол,- деди.
АКШда шайлоо болуп жатат, демократтар экөө чыгып айтышат. Утса, утулганы ошону колдойт, Анан республикадан жана демократтардан чыгат.

Мен парламенттик шайлоодо оппонент болгонум, баш-отумду сайып парламентаризмди колдогом. Элдин чечимин сыйлаш керек. Эл президенттик-парламенттик жолду тандады.
Биз, кыргыздын жигиттери, Садыр Нургожоевичке рахмат, жеке сын-пикирди аттап өтүп, мамлекеттик кызыкчылыкты биринчи орунга койдук. Мамлекет үчүн президентпи, депутатпы, ар бир саясатчынын амбициясы бар, Конституциянын бузулбастыгы, мамлекеттин бүтүндүгү турган жерде менин амбициям же сиздин амбицияңыз төмөн турушу керек. Биз бир командабыз, -деди Каныбек Иманалиев.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты