Имамдарга кызматтык унаалар тапшырылды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 25-мартта, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен өлкө аймагындагы 9 казыга жана 40 райондук имам-хатибге 29 кызматтык унаа тапшырылды.
Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Иш-чарага дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров, муфтийдин орун басарлары, БТК төрагасы жана дин кызматкерлери катышты.
Автоунаа тапшыруу аземинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директор Азамат Юсупов дин кызматкерлерине президенттин саламын жолдоп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ийгиликтүү ишке ашып жатканын билдирди.
Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров автоунаалардын тапшырылышы дин кызматкерлеринин жумушун жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгиледи.
2024-жылдын 18-декабрында ата мекендик өндүрүштөн чыккан Chevrolet үлгүсүндөгү 20 автоунаа тапшырылса, бүгүн 29 кызматтык унаа тапшырылды.
Сүрөт: Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы




