Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Карабаевдин соттук отуруму 9-декабрда улантылат

  • 2 месяца мурун

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин соттук отуруму 9-декабрда улантылат. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына анын жактоочусу Акынбек Ногоев билдирди.

Анын айтымында, 28-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Жоомарт Карабаевдин соттук отуруму өткөн. Анда лингвистикалык эксперттер суралган. Кийинки отурум 9-декабрь саат 14:00гө белгиленди.

Эске салсак, Улуттук Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын тапшырмасы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал жазуучу Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан эле.

Жоомарт Карабаевге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылган. 

31-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту эксперт Жоомарт Карабаевди үй камагына чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты