Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу. Эл аралык конференция өтөт

  • 1 месяц мурун

10-ноябрь — илим күнү. Бул даталуу күнгө карата Улуттук илимдер академиясында 11-ноябрь күнү “Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу” эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.

Бул тууралуу Илимдер академиясы билдирди.

Аны Улуттук илимдер академиясы менен Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бирге өткөрөт. Ошол учурда илимий ийгиликтердин көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, өзүнүн жетишкендиктерин:

Баласагын атындагы улуттук университет,  Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университет,  Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медицина университети, Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл-чарба университети, Ельцин атындагы кыргыз-славян университети көрсөтөт.

Иш-чарага чет өлкөлүк элчилер, министрлер, илимпоздор катышат.

Иллюстрациялык сүрөт: Илимдер академиясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты