Илимдер академиясына, илимий мекемелерге финансылык автономия берүү жарлыгы чыкты

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров “Илимий ишти реформалоо жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлык менен илимий мекемелерге финансылык автономия берүү каралган.

Жалыкта Улуттук илимдер академиясына, президентке караштуу Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерине, Министрлер кабинетинин, тармактык мамлекеттик органдардын жана кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын карамагында турган илимий жана финансылык автономия берүү каралган:

1) илимий-изилдөө, билим берүү, консультациялык, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана келишимдик негизде жүзөгө ашырылуучу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү болуп саналбаган, мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен түшкөн каражаттар түрүндө кирешелерди алууга;

2) эмгек акы төлөөгө жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого багыттоо менен өздөрүнүн кирешелерин өз алдынча тескөөгө;

3) атайын эсептин каражаттарынын чегинде кызматкерлердин бардык категорияларына эмгек акы төлөөнүн, дем берүүчү төлөмдөрдүн жана материалдык жардамдын ийкемдүү формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;

4) акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө жана келишимдик негизде аткарылуучу жумуштарга тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө;

5) атайын каражаттардын эсебинен мүлктү ээликтен ажыратуу, алмаштыруу, ижарага берүү жолу менен тескөөгө, ошондой эле белгиленген талаптарга ылайык аны пайдалануудан алынган кирешелерди толук көлөмдө пайдаланууга;

6) оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктү башкарууну, ижарага берүү жана ижарадан алынган кирешелерди толук көлөмдө пайдалануу укугун кошкондо, жүзөгө ашырууга.

2. Кесиптик жогорку билим берүү уюмдары тарабынан жыл сайын өзүнүн ведомстволук илимий жана илимий-техникалык уюмдарына атайын эсептин каражаттарынын жалпы жылдык көлөмүнүн үч пайызынан кем эмеси алардын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды кошкондо, актуалдуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бөлүнүп берилет деп белгиленет.

Cүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты