75тин кайрылуусуна каршы: Илимий коомчулук президенттик шайлоону эрте дайындоого укуктук негиздер жок экенин билдирди

Кыргыз Республикасынын азыркы президентинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин демилгелеген («75 кишинин каты» деп аталган) кайрылуунун таралышына байланыштуу,  илимий академиялык коомчулуктун өкүлдөрү  укуктук позициясын билдирди.

-Ыйгарым укуктардын мөөнөтүнүн легитимдүүлүгүнө конституциялык-укуктук талдоо жүргүзүүнүн алкагында: жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү тезис юридикалык жактан негизсиз болуп саналат жана ченемдик-укуктук актылардын убакыт мейкиндигинде колдонулушун жөнгө салуучу укук ченемдерин туура эмес чечмелөөгө негизделген, -деп айтылат билдирүүдө.

-Биздин позициябыз төмөнкүлөргө таянат:

1. Укуктук тактык принциби. Президент С.Н. Жапаров 2021-жылдын 10-январында ошол учурда колдонулуп жаткан мыйзамдарга так ылайык, 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Бийликтин жападан жалгыз булагы болгон (КР Конституциясынын 2-беренеси) элдин бул эрк билдирүүсүнүн легитимдүүлүгү шек туудурбайт.

2. Өткөөл жоболордун колдонулушу. 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган, 5 жылдык мөөнөттү белгилеген (Конституциянын 68-беренеси) Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы мурда алынган мандатты жокко чыгарбайт. Бул коллизия мыйзам чыгаруучу тарабынан императивдик түрдө чечилген. 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзамынын 3-беренесине ылайык, 2021-жылдын 10-январындагы шайлоодо шайланган президент өз ыйгарым укуктарын ошол эле мөөнөткө (алты жыл) жүзөгө ашырат. Аталган мөөнөт мыйзам түрүндө шайлануунун биринчи мөөнөтү катары квалификацияланат.

3. Шайлоо процессин регламенттештирүү. 2025-жылдын 28-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамы менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилген (Конституциялык мыйзамдын 48-беренеси). Кезектеги шайлоо ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаган жылдын январынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөрү ченемдик түрдө бекитилген. Демек, мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө ар кандай талаптар укуктун үстөмдүгү принцибине жана мамлекеттик бийликтин туруктуулугун камсыз кылууга багытталган Конституциянын духуна карама-каршы келет.

1. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо үчүн укуктук негиздер жок.

2. Өлкө жетекчилигинин азыркы курсу улуттук кызыкчылыктарга жооп берет жана экономикада, социалдык чөйрөдө конкреттүү натыйжаларды көрсөтүүдө.

3. Кыргызстандын келечеги саясий авантюраларда эмес, коомдун биримдигинде, Конституцияны сактоодо жана жаратман эмгекте.

Жарандык коомду жана саясий күчтөрдү конструктивдүү диалогго жана мыйзамдуулукту кынтыксыз сактоого чакырабыз.

Улуттук илимдер академиясынын жана илимий коомчулуктун атынан: президент,

корреспондент мүчө К.Абдрахматов, Мамлекет жана укук институтунун директору, юридикалык илимдердин доктору К. Бердалиев.

Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

-Биз белгилеп кетчү жагдай, учурдагы мамлекет башчысы 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы, апрель айында, жалпы элдик добуш берүү аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланары көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 5-майында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Анын 3-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылган:
«2021-жылы 6 жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын Конституцияга ылайык жүзөгө ашырат. Анын 6 жылдык мөөнөтү ушул Конституция боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет».

Юристтер, укук таануучулар жана саясат таануучулар бул маселеде эки лагерге бөлүнүп, бири мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл десе, башкалары учурдагы президенттик мөөнөт бүткүчө күтүш керек деген пикирде.

«Жогоруда белгилеген өлкө алдындагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз» деп жазылган Кайрылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты