ИИМдин тергөө кызматынын экс-башчысы Сыргак Айткурманов каза тапты  

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын экс-башчысы Сыргак Айткурманов каза тапты.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы маалымдады:  

-Бүгүн, 13-декабрда, “102” кызматынан эртең мененки саат 06.50дө Бишкек шаарынын №4 шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө 1977-жылы туулган Сыргак Айткурманов “Тез жардам” кызматы тарабынан алынып келингендиги туурасында билдирүү түшкөн.

Маалымат Бишкек шаарынын  Свердлов РИИБинин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.  Аталган маалыматты текшерүү учурунда №4 шаардык ооруканасынан берилген аныктамасына ылайык, Сыргак Айткурманов баш мээсинин жабык травмасы диагнозу менен эс-учу жок абалда жеткирилген.
Ооруканада Айткурманов эсине келбей жаткандыгына байланыштуу, окуянын жагдайлары боюнча суракка алууга мүмкүнчүлүк  болгон эмес. Анын документтери (айдоочулук кубөлүгү, паспорту) менен “Айфон” үлгүдөгү уюлдук аппараты жанында экени аныкталган. 

Мындан тышкары “103” “Тез жардам” кызматына чалган адам менен телефон аркылуу сүйлөшүлгөн. Ал Бишкек шаарындагыГоголь-Москва көчөлөрунун кесилишиндеги “Нурислам” чайканасынын жанында жерде жатканын көрүп, медициналык кызматкерлерге чалганын билдирген.

Бирок дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастанЮ денесиндеги оор жаракаттардан улам, ал эсине келбестен, бүгүн, 13-декабда, болжолу түшкү саат 12.00  каза  болгондугун оорукананын дарыгерлери тастыкташты.

Экспертиза тарабынан алдын ала диагнозу төмөндөгүдөй болгон: өнөкөт боор жетишсиздиги, кызыл өңгөч жана ашказандын кардиалдык бөлүмүнүн кан тамырларынын варикозу, ашказан-ичегисинде кан агуусу Меллори-Вейс синдрому. Аталган жагдай боюнча сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлиги, ИИМ ардагерлери ИИМдин тергөө кызматынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурмановдун каза тапканына байланыштуу көңүл айтты.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты