ИИМдин орун басары Октябрь Урмамбетов Таластагы өндүрүш ишканалары менен таанышты

  • 4 недели мурун

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Талас облусунда “100 өнөр жай ишканасы – 2025” долбооруна кирген беш өндүрүш жайын кыдырды. Алар “Талас Таш” жана “ДНК Групп” ЖЧКларына, ошондой эле Талас мэриясына караштуу асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдор.

Урмамбетов ИИМ ишканалардын коопсуздугун камсыздап, алардын ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтөрүн белгиледи. Ишканалар курулуш тармагын сапаттуу материалдар менен камсыздап, жүздөгөн жумушчу орундарын түзөт.

Заводдордун ар бири өз багытында өндүрүштү баштап, техникалык жабдуулар менен камсыздалууда. Айрым заводдор Кытай менен түзүлгөн келишимдин негизинде курулууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты