ИИМ жарандарды мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды тапшырууга чакырат
- 1 неделя мурун
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырууга чакырууда.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда өлкөнүн бардык аймактарында кылмыштардын алдын алуу жана жарандарды мыйзамсыз курал-жарак сактагандык үчүн жоопкерчилиги тууралуу маалымдоо максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
ИИМ эскертет: трамвалык аракеттеги патрондор менен атууга арналган газдык, сайсыз куралды, дүрмөтсүз, анын ичинде ыргытуучу куралдарды мыйзамсыз жасоо, сатып алуу, сатуу же алып жүрүү үчүн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейинки айып пул, түзөтүү жумуштары же үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү кызматтарды ээлөө же белгилүү иш жүргүзүү укугунан ажыратуу каралган.
Ошол эле учурда, мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен тапшырган жарандар кылмыш-жаза жоопкерчилигинен толук бошотулат.
Мындан тышкары, тапшырылган ок-дарылар жана куралдар үчүн 1600 сомдон 16 000 сомго чейин акчалай сый акы төлөнөт.