ИИМ жарандарды каржы пирамидаларына алданып калбоого чакырды

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) жарандарды жеңил жана тез киреше табууну сунуштаган каржы пирамидаларына алданбоого чакырып, алардын иши мыйзамсыз экенин эскертти.

Министрлик тараткан билдирүүгө ылайык, өлкөдө жыл сайын он миңдеген адамдар каржы пирамидаларына алданып калышат. Алардын так саны айтылган жок.

“Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну
сунуштайт. Жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана
айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө
инвестиция салууга үгүттөп келишет”, — деп айтылат маалыматта.

Мекеме каржы пирамидасынан зыян тарткан жарандарды укук коргоо органдарына кайрылууга үндөдү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр биринчи жарым жылдыкта каржы пирамида ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сомго жеткен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты