ИИМ тергөөчүсү жана министрдин орун басарынын айдоочусу УКМКда суракта болду

  • 2 недели мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү жана ички иштер министринин орун басарынын айдоочусу Улуттук коопсуздук комитетинде суралып чыккандыгынын ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.  

“Ооба, ички иштер министринин орун басарынын айдоочусу жана ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү УКМКга күбө катары суракка чакырылды. Сурактан кийин алар коё берилди” деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, 9-январда, kaktus.media басылмасы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевдин айдоочусу опузалап пара алууга шек саналып кармалганын жазган. Аны менен кошо тергөөчү да сурак бергени белгиленген.

ИИМдин басма сөз кызматы ал маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди.

“Материал жарыялоодо такталган жана расмий мамлекеттик органдар тарабынан тастыкталган булактарга таянууңуздарды өтүнөбүз” деди ИИМдин басма сөз кызматы.  

Сүрөт: ИИМ     

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты