ИИМ: «Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкектеги ооруканаларда дарыланууда»

  • 2 года мурун

Тажикстандын агрессиясынан жабыркаган Ички аскерлердин алты жоокери Бишкектеги ооруканаларда дарыланууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Агрессордун огунан жабыркаган алты эр азамат, кечээ Бишкек шаарындагы ооруканаларга ар кандай оор жараттар жеткирилди. Министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков жарадар болуп оорукананада дарыланып жаткан жигиттердин баарын кыдырып, ар бири менен сүйлөшүп, ал-акыбалын сурап, алардын ар биринин ата-энелери менен жолукту. Ушундай эр азаматтарды тарбиялап өстүргөндүгү үчүн ички иштер министрлигинин жетекчилигинин атынан терең ыраазычылыгын билдирип, дары-дармек, дарыгерлердин жардамдары, кийим-кечек, тамак-аш жагынан толук камсыздала тургандыгын, жоокерлерди колдоо, дарылоо максатында атайын каражаттар бөлүнгөндүгүн белгиледи», — деп жазылат маалыматта.

Ооруканада дарыланып жаткан Ички аскерлердин жоокерлерине бардык шарттар түзүлдү. Дары-дармектер жана башка медициналык квалификациялуу жардамдар так жана өз убагында берилүүдө. Дарыгерлер алардын ден соолугуна камкордук көрүшүп, аларды тез арада сакайтууга бардык мүмкүнчүлүктөр көрүлө тургандыгын белгилешти. Ооруканада жаткан эр азамат жоокерлерге студенттер, мектеп окуучулары дагы келишип, аларга ыраазычылыктарын билдирип, колдон келген жардамдарын берип, тамак-аштарын да көтөрүп келишип, эр жүрөк жоокерлерге урматтоо сезимдерин билгизип жатышат.

ИИМдин Медициналык кызматы жана Ички аскерлердин медициналык кызматынын жетекчилик курамы ооруканаларда дарыланып жаткан жоокерлердин саламаттыгына көз салуу жана качан болбосун кандай жардам керек болсо, аны тез арада чечүү максатында толугу менен ооруканаларга бекитилди.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 19-сентябрь саат 9:00гө карата жаракат алып, саламаттык сактоо уюмдарына кайрылгандардын жалпы саны-163 адам.   Каза болгондордун жалпы саны — 59 адам.

Учурда Баткен облусу боюнча жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. 

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди  айыл аймагынын жалпы 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Кыргызстан чек арада болгон окуяны Тажикстандын «куралдуу агрессиясы» деп атады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты