ИИМ поезддин алдында калып, каза болгон пакистандык жарандын өлүмү боюнча маалымат берди

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги Бишкекте поезддин алдында калып, каза болгон пакистандык жарандын өлүмү боюнча билдирүү таратты.

Анда аталган кырсык боюнча маалымат 11-декабрда Биринчи май райондук милициясына келип түшкөнү тууралуу айтылат.

«11-декабрда Биринчи май райондук милициясына Лев Толстой көчөсүн бойлой темир жолдо бараткан Пакистандын жараны Р. М.нын тепловоздун алдына түшүп кеткени жөнүндө маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, соттук-медициналык эксперт менен биргеликте Р.М.нын сөөгүн экспертизадан өткөрүшкөн. Андан соң сөөк өлүмдүн себебин аныктоо үчүн моргко жөнөтүлгөн», — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт Биринчи Май РИИБнин маалыматтарды каттоо журналына катталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө маркум Р. М.нын Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин 2-курсунун студенти экени аныкталган.

Милициядан билдиришкендей, жогорудагы окуяга Т. Б. аттуу жаран күбө болгон. Анын айтымында, кырсык болордун алдында тепловоз сигнал берген, бирок жигит ага көңүл бурбай, темир жол менен басып кете берген. Күбө андан соң тепловоз жигитти сүзүп кеткендиги тууралуу көрсөтмө берген.

ИИМ каза болгон адамдын сабалганы жөнүндө тарап жаткан маалыматты төгүндөп, кылмыш тууралуу жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

«Пакистандын жаранынын сабалышы боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт жана ишеничсиз. Жеке адамдаран жалган билдирүү таратпоону суранабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты