ИИМ: Ошто алдамчылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (Видео)

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ)  кылмышты иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлери автоунааларга байланышкан алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. 

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош ШИИБге арыз менен Р.З. аттуу аял кайрылып, мыйзамсыз иштер жөнүндө билдирген. Анда айтылгандай, 2020-жылы “Сагыныч” аттуу чала таанышы ага “Хонда-Фит” унаасын арзан баада Кореядан алып келип берем деп алдап, 125 000 сомун алган.

Андан соң, унааны алып келип бербей, же акчасын кайтарбай  койгон. Шектүү жабырлануучу коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан.
Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.С. шектелген. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштар үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча, шектүү  уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
2022-жылдын 25-январь күнү Ош ШИИБ тарабынан 1985-жылы туулган С.С. кармалды.

Ал Оштогу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт жана видео: ИИМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты