ИИМ: Орусияда мекендештерине кол салган жана карактаган төрт кыргызстандык кармалды

  • 1 год мурун

28-ноябрда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын жарандары кол салуу менен карактаган адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Алардын айтымында, 27-ноябрда саат 03:00 чамасында Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында белгисиз адамдар темир жол бекетинин жанындагы бөлмөгө кирип, ал жерден каракчылык менен кол салышкан.

Кол салгандар Жалал-Абад облусунда 1999-жылы туулган К.уулу Н. аттуу тургунун сабап, жанындагы 60 миң рублин жана уюлдук телефонун тоноп кеткен. Ал эми Ош облусунун 1992-жылы туулган У.уулу У. аттуу тургунун байлап, күч колдонуп “Hyundai Solaris”  үлгүсүндөгү унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен.

Кийин алар акча опузалаганда туугандары анын банк картасына 50 миң рубль которгондон кийин, Москва шаарынан аны коё беришкен.

Жогорудагы факты боюнча арыз полициянын аймактык бөлүмүнө катталган.
Россиянын ИИМинин Владимир облусунун Петушинский району боюнча тергөө бөлүмү белгисиз адамдарга карата РФ кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси, «Каракчылык»  боюнча кылмыш ишин козгогон.

30-ноябрда кылмышка шектүүлөр бараткан унаа токтотулуп, пневматикалык тапанча жана болжол менен жабырлуунучуну видеого тарткан телефон табылып, алынган.

Жогорудагы кылмыш ишин жасоого шектүү катары Кыргызстандын төрт жараны
кармалды. Алар:
— 1996-жылы туулган А.уулу К., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун
тургуну;
— 1998-жылы туулган П.Ч., Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну;
— 2000-жылы туулган И.уулу Х., Баткен облусунун Кадамжай районунун
тургуну;
— 2001-жылы туулган О.уулу М., Жалал-Абад облусунун Аксы районунун
тургуну.
 Жогорудагы адамдарга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу менен айрым шектүүлөрдүн ортосунда карыз болгон.



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты