ИИМ каржы пирамидаларынын ишмердиги мыйзамсыз экенин эскертти

  • 2 года мурун

Ички иштер министрлиги жарандарды каржы пирамидаларынын иши мыйзамсыз экендигин эскертип, «инвестициялардын» ордуна жеңил жана тез киреше сунуштаган уюмдарга барбоого чакырат.

ИИМдин билдирүүсүндө жыл сайын он миңдеген жаран каржы пирамидаларынын курмандыгы болору айтылган. Андагы маалыматка ылайык, мындай уюмдар

«Ар кандай каржы пирамидалар жарандардын чөнтөгүнөн алынган акча менен өнүгүп жатат.
Алдамчылар кыймылсыз мүлк, облигациялар жана акцияларды сатып алууну сунушташат, жогорку кирешелүү интернет долбоорлоруна, курулушка жана айыл чарбасына акча салууга убада беришет. Жогорку натыйжалуу өндүрүшкө инвестиция салууга үгүттөп келишет», — деп жазылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги каржы пирамидаларына алданып калган жарандарды токтоосуз милицияга кайрылып, укугун мыйзам чегинде коргоого чакырат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты