ИИМ: Дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз Бишкектен табылды

  • 2 года мурун

Ош облусунун Алай районунун ички иштер бөлүмүнө 2005-жылы туулган А. кызы Заринанын жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөн. Милицияга жашы жете элек кызын издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен ата-энеси кайрылган. Маалыматка караганда, кыз ушул жылдын 29-апрелинде күндүз үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

Маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланган.

Кыздын жоголгондугу тууралуу маалымат Алай райондук ички иштер башкармалыгында (ИИБ) катталып, издөө иштери башталган.

Издөө иштерин ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы  да баштаган.

17-майда ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Заринанын Бишкек шаарынын аймагында экендигин аныкташты. Кыз ата-энесине жөнөтүлдү.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты