ИИМ: Баткенде баңгизат ташууга шектелип Тажикстандын милиция кызматкери кармалды (Видео)

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Баткен облусунда Тажикстандан Кыргызстанга, андан ары Казакстанга баңгизат ташып сатуу менен алектенген улут аралык баңгизат тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, алардын бири Тажикстандын ички иштер министрлигинин мамлекеттик автоинспекциясынын кызматкери экени аныкталды.

Кылмыш иши кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголуп, тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Бир жыл жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында улут аралык баңги зат тобунун бардык мүчөлөрү кармалган. Бул кылмыштуу топтун уюштуруучусу катары Тажикстандын дагы бир жараны кармалды. Алардан жалпы 33 кг 241 грамм баңгизат алынды.

ИИМ ушул тапта бул кылмыштуу топтун башка катышуучуларын жана аларга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын кошумчалады. Кармалгандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилген.

Расмий маалыматка караганда, 2021-жылдын 11 айында Кыргызстанда үч жарым тоннадан ашык баңгизат, психотроптук заттар алынган.

Эл аралык уюмдардын билдирүүсүндө, Борбор Азиядагы Тажикстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу Ооганстандан жыл сайын тонналаган баңгизат Орусия менен Европа өлкөлөрүнө жеткирилет.

ИИМ: Баткенде баңгизат ташууга шектелип Тажикстандын милиция кызматкери кармалды (Видео)

Сүрөт: ИИМ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты