ИИМ ата-энелерди кышкы каникул учурунда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга чакырат

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) кышкы каникул учурунда атаэнелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну өтүнөт.

«Каникул учурунда окуучулар көбүрөөк убактысын көчөдө жана теңтуштарынын арасында өткөрүшөт. Ошондуктан ата-энелер алардын чөйрөсүнө кызыгып, алардын кайда жана ким менен жүргөнүн билип, ошондой эле коомдук жайларда жана короолордо коопсуз жүрүү эрежелерин түшүндүрүп турушу маанилүү» деп айтылат маалыматта.

Кыш мезгилинде жолдордун тайгак болушунан улам жол кыймылынын эрежелерин сактоого өзгөчө көңүл буруу керек, балдарга жолдун боюнда ойноого болбой тургандыгын жана жолду кесип өтүүдө этият болуу зарылдыгын эскертип туруу керек.

Ички иштер органдары жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Ошол эле учурда балдардын коопсуздугун камсыздоодо жана жоопкерчиликтүү жүрүм-турумду калыптандырууда ата-энелердин жана мыйзамдуу өкүлдөрдүн мааниси чоң.

Иллюстрацидык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты