ИИМ: Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

  • 5 месяцев мурун

Ысык-Көл облусунун тургуну К.Г. тарабынан жасалган 20дан ашык алдамчылык фактылары аныкталып, ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.  

Аталган жаран 2022-жылдын сентябрь айынан октябрына чейин ар кандай шылтоолор менен ишенимге кирип, жалпы суммасы бир миллион сомдон ашык акча, ошондой эле “Мерседес-Бенц 210” жана “Ауди С4” унааларын ээлеп алып изин жашырып кеткен К.Г. аттуу жаранга чара көрүү үчүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.  

Мындан тышкары шектүү жабырлануучуга жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер менен байланышта экенин белгилеп,  алтын кенин иштетүүчү компаниялардын бирине орноштурам деп 140 миң сомун ээлеп алган. Андан соң качып кеткен.

Бул фактылар боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган (алдамчылык) кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМ: Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы тараткан.

Баш сүрөт: Иллюстрациялык. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты