Игорь Чудинов Башкы прокуратурада сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, экс-депутат Игорь Чудинов кечээ, 31-январда Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча сурак берип чыкты. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин бул иштин алкагында Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кырргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бир канча жолу сурак берген. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу 14-январдан тарта күбө катары сурала баштаган. Игорь Чудинов ошол маалда өкмөт башчы болуп турган.

Мадумаров 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон.

Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап, соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып келет.

Бул иш боюнча Мадумаров менен Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров 19-январда беттештирилген.

Президент Садыр Жапаров 17-январда «Вечерний Бишкек» басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси тууралуу кол коюлган протоколду «чыккынчылык» деп атаган. Бийлик кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүдө Тажикстан ал протоколду бетине кармап жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты