“Идиоты с Темиров Лайв!”. Эдил Байсалов журналисттерге карата кастык тилин колдонду

5-декабрь күнү “Темиров Live” каналынын журналисттери “Акылбек Жапаров 18 саатта 10 миллион сом короттубу?” деген иликтөөсүн жарыялаган. Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жапониядагы иш сапарына латвиялык компаниянын жеке учагы менен барып келгени жана бул үчүн 10 миллион сом коротулганы айтылат. 

Иликтөө чыккандан кийин көп өтпөй 6-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Темиров Live” каналынын журналисттери жасаган акыркы иликтөөсүн сындап, Твиттердеги баракчасына билдирүү жазган. 

“Идиоты с Темиров Лайв!”. Эдил Байсалов журналисттерге карата кастык тилин колдонду

Байсалов өз сөзүндө журналисттерди “келесоо” деп атаган.

“Ошондой эле ал (Акылбек Жапаров) тиш щеткасын колдонуп, калем менен жаза алат. Темиров Лайвдын келесоолору (идиоты), силер эч нерсе жок жерден ызы-чуу издеп жатасыңар. Премьер-министр Токиого шыпыргы менен учуш керек беле??? Биз өткөн жылы: «Жаңы Министрлер кабинети бул багыттагы чыгымдарды көбөйтүүгө ниеттенүүдө» деп жарыялаганбыз. Бул мамлекеттик зарылчылык!”, — деп билдирген Эдил Байсалов. 

“ПолитКлиника” медиасы Эдил Байсаловдун иликтөөчү журналисттерге карата кастык тилин колдонгонун аныктады. 

“Кастык тили” түшүнүгү

Кастык тили – терс баа берүүчү,  кээ бирѳѳлѳрдү — улут, гендер, диний, же дагы башка социалдык топ боюнча кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ жана мыйзамга каршы келе турган тил. Бул аныктама IWPR — “Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруучу институттун” колдоосу менен чыккан “Кыргызстанда диний маселелерди чагылдыруу боюнча колдонмодо” жазылган.

“Кастык тили” түшүнүгү интернет тармактарынын өнүгүшү менен башка өңүттө өнүгө баштаган. Бул тилди жөнөкөй жарандардан баштап мамлекеттик чоң кызматта иштеген адамдарга чейин колдонот. 

Мисалы, президент Садыр Жапаров да кастык тилин активдүү колдонгондордун катарында. “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери буга чейин аныктап чыккандай, өлкө башчысы көбүнчө иликтөөчү журналисттерге жана оппозициялык маанайдагы адамдарга карата кастык тилин колдонот.

Алсак, мамлекет башчысы 25-апрелде  “Кабар” маалымат агенттигине берген эксклюзивдүү маегинде бир канча жолу кастык тилин колдонгон.

Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу суроого жооп берип жатып журналисттер тууралуу төмөнкү негативдүү сөздөрдү айткан:

  • Айрым ичи бузук медиа өкүлдөрү;
  • Жалданма иликтегич журналисттер;
  • Иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар;
  • Али Токтакунов деген иликтегич;
  • Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса.

Жогорудагы сөздөрдөн белгилүү болгондой, Садыр Жапаров өзгөчө иликтөөчү журналисттерге карата негативдүү сөздөрдү айткан. Иликтөөчү журналисттерди болсо “иликтегич” деп атаган. Ал эми журналисттердин ишмердүүлүгүн “калп айтуу, көө жабуу” менен ассоциация кылганын байкоого болот. Ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнө “ичи бузук”, “жалданма”, “ниети бузук” деген негативдүү сөздөрдү айткан.  

Ал эми Эдил Байсалов коргоп чыккан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да элдик курултайдагы сөзүндө Кемпир-Абад боюнча маселеде кийлигишкен активисттерди “Ажаан аялдар, тажаал эркектер” деп сыпаттоо менен кастык тилин колдонгон.

“Темиров Лайвдын келесоолору” Эдил Байсалов колдонгон кастык тили 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов колдонгон “Темиров Лайвдын келесоолору” фразасы “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет.  

“Идиоты с Темиров Лайв!”. Эдил Байсалов журналисттерге карата кастык тилин колдонду

Анткени Эдил Байсалов айткан “келесоо” же орусча “идиот” сөзү акылы тетик эмес деген мааниде колдонулуп, адамдын же уюмдун аброюна шек келтирет. Мындан сырткары Эдил Байсалов “Temirov Live” каналынын журналисттери келтирген эч бир фактыга далилдүү жана түз жооп берген эмес. 

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров колдонгон сөздөр да “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча дискриминацияга жана кастыкка шыкактаган түрүнө кирген.

“Крокодилдин көз жашын төгүүнүн кереги жок”. Бул Эдил Байсаловдун “Temirov Live’дын” журналисттерине айткан биринчи сыны эмес 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер жана башка социалдык тармактар аркылуу өлкөдө болуп жаткан маселелерге байма-бай комментарий берип келет.

Буга чейин бейөкмөт уюмдар, активисттер жана журналисттерге карата ар кандай маселе боюнча негативдүү сындарды айткан.

Мисалы, “Temirov Live”тын” негиздөөчүсү жана иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы боюнча да комментарий берип, ал башка өлкөнүн жараны экенин жана ага кайгыруунун кажети жок экенин баса белгилеген.

Сөз эркиндиги Болот Темировго чейин болгон, ошондой болот. Кечээ мага эл аралык уюмдардын бир нече өкүлдөрү телефон чалган. Чындыгында ал киши жөн эле куулган эмес, ал Орусиянын жараны, ошол жакта чоңойгон, мектепти бүтүп, жакында эле орус паспортун жаңыртып алганын түшүндүрсөм, алар түшүнүштү. Эл бул тууралуу билбейт жана алар жөн эле кайсы бир кыргызстандык журналистти өлкөдөн чыгарып салышты деп эсептешет. Крокодилдин көз жашын төгүүнүн кереги жок. Ал Бешинчи каналда, КТРде сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар тууралуу айтып, баарын чет элдик агент деп айыптаганы жакшы эсимде”, -деп айткан.

Башкача айтканда, бул Эдил Байсаловдун “Temirov Live’тын журналисттерине карата айткан биринчи сыны эмес. 

Белгилей кетсек, 2021-жылы өлкөдө бийлик алмашкандан бери активисттерди кармоо, журналисттерди суракка алуу жана редакцияларга карата кылмыш ишин козгоо учурлары көбөйгөн. Мындан сырткары медиалардын иш аракетин коркунучка кептеген бир канча мыйзам долбоорлору да кабыл алынган. Бул тууралуу бир канча изилдөөлөр жарык көргөн. 

Кастык тили эмнеси менен кооптуу?

БУУнун сөз эркиндиги боюнча эксперти Дэвид Кайе кастык тили интернет желелеринде өтө бат ылдамдык менен тарап жатканын белгилейт.

“Кастык тили виртуалдык дүйнөдө өтө бат ылдамдык менен тарап жатат. Жыйынтыгында олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Аны колдонуунун башкы максаты башкалардын үнүн басуу болуп саналат. Маселе, биз муну менен күрөшүүбүз керекпи дегенде эмес, маселе кантип күрөшөбүз дегенде. Анткени кастык тили менен күрөшүү адам укугун бузбай жүрүүсү керек”, — дейт Кайе.

Ар бир адам кастык тилдин курмандыгы болуп калышы мүмкүн. Анткени баарыбыз кайсы бир улуттун, кайсы бир гендердик, же социалдык топтун мүчөсүбүз. Азыркы учурда сиз кодулап жаткан адамдар менен бир топко кирип, алардын пикирин кубаттап жаткан болсоңуз дагы, кайсы бир учурда сиздин улутуңуз, гендердик тобуңуз, социалдык тобуңузду жактырбай, кодулаган, андан иренжиген башка топ пайда болуп калышы мүмкүн.

Ошондой эле жийиркенүү, жек көрүү сезиминен пайда болгон кастык тили сөзсүз түрдө аткарылуу ыктымалдуулугуна ээ экенин “Артикль19” уюму белгилейт.

Жыйынтык: Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Temirov Live’тын журналисттерине карата кастык тилин колдонгону чындык. Ошондой эле бул Байсаловдун журналисттерге карата айткан биринчи сыны эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты