“Арам ойлуу”, “бузукулук кылып жаткандар”. Садыр Жапаров Кемпир-Абад тууралуу билдирүүсүндө “кастык тилин” колдонду (Фактчекинг)

Бүгүн, 6-октябрда президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Фейсбук баракчасы аркылуу билдирүү жасады. 

“Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла! Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти”, — деп кайрылды президент.

“Арам ойлуу”, “бузукулук кылып жаткандар”. Садыр Жапаров Кемпир-Абад тууралуу билдирүүсүндө “кастык тилин” колдонду (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы президент кайрылуусунда “кастык тилин” колдонгонун аныктады.

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

“Арам ойлуу”, “бузукулук кылып жаткандар”. Садыр Жапаров Кемпир-Абад тууралуу билдирүүсүндө “кастык тилин” колдонду (Фактчекинг)

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан классификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн аброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо, ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн.

Президент кайсы сөздөрүндө “кастык тилин” колдонгон?

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына Кемпир-Абад маселеси тууралуу билдирүүсүндө “бузукулук кылып жаткандар”, “түшүнүгү жок болсо”, “арам ойлуу”, “адамча түшүнгөндөр” деген сөздөрүндө “кастык тилин” колдонгон. Бул сөздөр терс баа берүүчү, ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

Мамлекет башчынын жогоруда белгиленген сөздөрү “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

“Арам ойлуу”, “бузукулук кылып жаткандар”. Садыр Жапаров Кемпир-Абад тууралуу билдирүүсүндө “кастык тилин” колдонду (Фактчекинг)
“Арам ойлуу”, “бузукулук кылып жаткандар”. Садыр Жапаров Кемпир-Абад тууралуу билдирүүсүндө “кастык тилин” колдонду (Фактчекинг)

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаров 25-апрель күнү  “Кабар” маалымат агенттигине берген мурдагы маегинде  “Иликтегич. Жалданма, ниети бузук медиаөкүлдөр” деген сыяктуу “кастык тилин” колдонгонун аныктаган. Ал эми 14-августта дагы аталган медиа президенттин Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүндө “Арам ою бар “лжепатриоттор”, «калпычылар” деген сөздөрүндө “кастык тили” колдонулганын аныктап чыккан.

Жыйынтык: Президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу кайрылуусунда “бузукулук кылып жаткандар”, “түшүнүгү жок болсо”, “арам ойлуу”, “адамча түшүнгөндөр” деген сөздөрүндө “кастык тилин” колдонгон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты