“Ажаан аялдар, тажаал эркектер”. Акылбек Жапаров курултайдагы сөзүндө кастык тилин колдонду (Фактчекинг)

25-ноябрда Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 1072 делегат катышкан элдик курултай башталды. Курултайга президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышып жатат.

Иш чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров да сөз сүйлөгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы Акылбек Жапаров чек ара маселеси боюнча сүйлөгөн сөзүндө “кастык тилин” колдонгонун аныктап чыкты. 

Элдик курултай

2021-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясында “Элдик курултай” институт катары киргизилген. Баш мыйзамда “Элдик курултай — коомдук-өкүлчүлүктүү жыйын” деп жазылган. Ал кеңешүүчү, байкоочу жыйын катары коомдун өнүгүү багыттары боюнча сунуштамаларды берет.

Элдик курултай” жөнүндө мыйзам ушул жылдын 1-сентябрына чейин кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек болчу. Бирок 2022-жылы 17-майда  Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети президент Садыр Жапаров демилгелеген “Элдик Курултай”  жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган эмес. 

Мыйзам долбооруна депутат Гуля Кожокулова каршы оюн билдирген болчу. Анын айтымында, документ Конституциянын ченемдерине дал келбейт. Ошондой эле ал “эгер Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн курултай кызматынан бошото алса, анда депутаттардын эмне кереги бар?” деген суроо салган.

Ал эми президент Садыр Жапаров курултай парламенттин милдетин аткарбай турганын билдирип, алар жыл сайын бир жолу чогула турганын айткан.

“Алар жылына бир жолу чогулуп, парламенттин, Министрлер кабинетинин отчетун кабыл алып, өз сунуштарын беришет ”, — деп айткан. 

16-август күнү президент Садыр Жапаров элдик курултайды ноябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган. Бул дагы кээ бир юристтердин арасында талаш тартышка жол ачкан. Юрист Фатима Якупбаева президенттин андай ыйгарым укугу жок экенин билдирген.

Юристтин айтымында, элдик курултайды уюштуруу жана иштөө тартибин Конституция жана конституциялык мыйзам аныктайт.

Бирок президент Садыр Жапаров “Элдик Курултайды” уюштурууга толук укугу бар экенин билдирген. 

Акылбек Жапаров: “Садыр Жапаровдун доорунда экономика жолго коюлуп, адамдардын жашоосу оңолду” 

Курултайда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун доорунда экономика өз нугуна түшүп, чек аралар дипломатиялык жол менен чечилип жатканын билдирген.

“Ажаан аялдар, тажаал эркектер”. Акылбек Жапаров курултайдагы сөзүндө кастык тилин колдонду (Фактчекинг)

“Биз үчүн бийик тоолуу жерибиздин ар бир ташы кымбат. Анын бир метр жери үчүн жанын курман кылган адам баласынын каны ыйык, өмүрү андан дагы кымбат. Бирок бизди өзүнө өзү ишенбеген, мурункудай эле байкуш мамлекет деп ойлоп, эки жолу күч менен тартып алганга аракет кылышты. Биз толугу менен туруштук берип, күчүбүздү дагы көрсөттүк. Биз оңой өлкө эмеспиз. Биз 80ден ашык улут жашаса дагы 3000 жылдан ашык тарыхы бар элбиз. Садыр Нургожоевичтин доорунда бетеге болбой бел болдук, беги бар бекем эл болдук. Адамдардын жашоосу жакшырып, демография өстү, экономика өнүгүү жолуна түштү. Татаал болсо дагы чек-ара маселесин чечип, келечек муунга чек арасы так мамлекетти мурас кылып жатабыз.”, — деп билдирген. 

Андан кийин Жапаров чек-ара маселеси боюнча “эскертүү” сөзүн да айткан:

“Биз чек ара маселеси боюнча кыраакылык жана дипломатиялык жолду пайдаландык. Бирок эскертебиз, чек араны ал жердеги ой чуңкурду кыдырып көрбөгөн ажаан аялдар менен тажаал эркектер чечпейт, адистер чечет”, — деп белгилеген.

Ошондой эле Акылбек Жапаров элдин тынчтыгын бузууга аракет кылган “бузуку күчтөр” бар экенин кошумчалаган.

“Кыргыздын кайгысынын “К” тамгасын тааныбаган, чет өлкөлүк олигархтардын акчасына азгырылып, “демократия” деген сөздү бетине кармап, өзүн “оппозиция” деп атаган бир ууч адам мамлекетти талкалоого даяр. Жаңы имарат салабызбы, аларга баары бир. Максаттары эптеп дүрбөлөң чыгаруу.  Кылдан кыйкым издеп, чукулаган айрым журналисттер менен эле бейөкмөт уюмдардын эле жашоосу болуп калды. Булардын карапайым элди ойлогонун көрдүкпү? Жок! Мындан ары элди бузганы жетишет го деп ойлойбуз”, — деп айткан өкмөт башчысы Жапаров. 

“Ажаан аял, тажаал эркектер”. Акылбек Жапаровдун сөзүндөгү кастык тили 

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

Акылбек Жапаров айткан “Ажаан” сөзү кыргыз тилинде негативдүү мааниде колдонулат. Бул сөз көбүнчө аялдарга карата дискриминациялык мүнөздө айтылып “Ажаан аял” деген контекстте берилет.

Tamga.soft сөздүгүндөгү “ажаан” сөзүнүн түшүндүрмөсүнө ылайык, синонимдери катары “каардуу”, “ажылдак” деген сөздөр саналат. Бул сөздүн келип чыгышынын өтө ырайымсыздыгы менен өзгөчөлөнгөн калмак башкаруучусу “Аджаандын” аты менен  байланыштуу деген божомол бар.

“Ажаан аялдар, тажаал эркектер”. Акылбек Жапаров курултайдагы сөзүндө кастык тилин колдонду (Фактчекинг)

Ал эми Акылбек Жапаров колдонгон “Тажаал эркектер” деген сөзү да негативдүү мааниде колдонулат. 

“Ажаан аялдар, тажаал эркектер”. Акылбек Жапаров курултайдагы сөзүндө кастык тилин колдонду (Фактчекинг)

Тажаал сөзү диний түшүнүк боюнча акыр заман болор алдында жерден чыгуучу азыткы болуп саналат. Мусулман мифологиясында акыр заман жакындаганда көк эшекке минип, жер бетин кыдырып, жолунда учурагандарды талап, талкалоочу, кыйратуучу зат. Негизги варианттардын ар түрдүү окуяларында көбүнчө каардуу, коркунучтуу деген өтмө мааниде колдонулат. Манас баатырдын Аккелтеси «кароолу тажаал, огу ажал» укмуштуу курал катары сүрөттөлөт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында терс кейипкерлердин ичинен кытай баатыры Коңурбай «тажаалдын кара көзү ошо» деп сыпатталат.

Ал эми күнүмдүк колдонуучу кыргыз тилинде сөз бербеген, эч кимди укпаган деген өтө жаман мааниде колдонулат. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “ажаан аял, тажаал эркек” деп чек-ара  маселеси боюнча элди дүрбөлөңгө салып жаткандарды айтып жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин 23-октябрда Ички иштер министрлиги “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн жыйырмадан ашык оппозициячыл саясатчылар менен жарандык активисттерди кармап кеткен. 

ИИМ Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. Белгилей кетсек, кармалган активисттер акыркы күндөрү кыргыз бийлигинин “Кемпир-Абад” суу сактагычынын айланасында кабыл алган чечимдерине нааразы болуп жатышкан.

Ал эми 24-октябрда өлкөдө башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин баары эки айга камакка алынган. 

Алардын арасында активист жана укук коргоочулар Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева, Атай Бейшенбек, Равшан Жээнбеков жана башкалар бар. 

Акылбек Жапаровдун “ажаан аял, тажаал эркек” деген сөздөрү “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

“Ажаан аялдар, тажаал эркектер”. Акылбек Жапаров курултайдагы сөзүндө кастык тилин колдонду (Фактчекинг)

Мындан сырткары жогоруда айтылгандар, Кыргыз Республикасынын “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” мыйзамына каршы келет. Анткени бул мыйзамдын 16-беренесинде “Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Эч ким жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”, — деп жазылган.

“Бузуку, иликтегич, арам ою бар лжепатриоттор”. Президент Садыр Жапаров да байма-бай сөздөрүндө кастык тилин колдонот 

2021-жылы өлкөдө башкаруу алмашкандан кийин бийликтин журналисттерге жана өкмөттүк эмес уюмдарга каршы терс көз карашы даана айтыла баштаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров элдик курултайда айткан “бузуку жана дестабилизация кылууну максат кылган күчтөр” бар экени тууралуу президент Садыр Жапаров да көп айтып келет.

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттеринин анализине ылайык, президент Садыр Жапаров журналисттер тууралуу:

  • Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү;
  • Жалданма иликтегич журналисттер;
  • Иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар;
  • Али Токтакунов деген иликтегич;
  •  Бирок иликтегичмин деп эле популист болуп, бирөөгө адилетсиз көө жаап жатса деген сыяктуу сөздөрдү колдонгон.

Ал эми оппозициялык маанайдагы саясатчыларды болсо, “Ою бузук адамдар, былжырактар” деген өндүү терс сыпаттар менен мүнөздөгөн. 

Белгилүү болгондой, Садыр Жапаров бийликке келгенден бери активисттерди кармоо, журналисттерди суракка алуу жана редакцияларга карата кылмыш ишин козгоо учурлары көбөйгөн. Мындан сырткары медиалардын иш аракетин коркунучка кептеген бир канча мыйзам долбоорлору да кабыл алынган. Бул тууралуу бир канча изилдөөлөр жарык көргөн. 

Жыйынтык: Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек ара маселеси боюнча башка пикирди кармангандарды “ажаан, тажаал” деп сыпаттоо менен кастык тилин колдонгон. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты