Эдил Байсалов Болот Темиров өлкөдөн чыгарылышы боюнча пикирин айтты

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов иликтөөчү журналист Болот Темиров боюнча 24.кг сайтына комментарий берди.

«Анын кыргыз паспорту болгон эмес, 90-жылдары орус паспортун алган. Ата-энеси 80-жылдардан бери Орусияда жашашат. Мектепке барып, Москвадагы жогорку окуу жайлардын бирин бүтүргөн. Мыйзамда так жазылган: эгер жалган документ тапшырсаң жарандыктан айрыласың. Сот өз чечимин мыйзамдарга негиздейт. Болот Темиров 2007-жылы Орусиянын паспортун алып, 2014-жылы жаңылаган. Шаардык соттун чечими дароо күчүнө кирет. Соттун чечимине комментарий бере албайм. Бул бийликтин өзүнчө бир бутагы», — деди ал.

Мындан тышкары ал Болот Темиров мамлекеттик маалымат каражаттарында иштеген учурунда баарын чет элдик агент деп айыптаган.

«Сөз эркиндиги Болот Темировго чейин болгон, ошондой болот. Кечээ мага эл аралык уюмдардын бир нече өкүлдөрү телефон чалган. Чындыгында ал киши жөн эле куулган эмес, ал Орусиянын жараны, ошол жакта чоңойгон, мектепти бүтүп, жакында эле орус паспортун жаңыртып алганын түшүндүрсөм, алар түшүнүштү. Эл бул тууралуу билишпейт жана алар жөн эле кайсы бир кыргызстандык журналистти өлкөдө чыгарып салышты деп эсептешет. Крокодилдин көз жашын төгүүнүн кереги жок. Ал Бешинчи каналда, КТРде сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар тууралуу айтып, баарын чет элдик агент деп айыптаганы жакшы эсимде», — дейт Байсалов.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты